Загрузка документа…
БОО-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 20-ноябры №9
Боо-Терек айылдык кеңешинин XXXI- чакырылышындагы XХII – сессиясы Боо-Терек айыл аймагынын башчысы Э. Бейшебаевдин үлүштүк түрткү берүүчү гранттын эсебинен, айыл аймагындагы “Суйун апа” балдар бакчасына кошумча корпус куруу боюнча демигесин угуп, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Боо-Терек айыл аймагындагы “Суйун апа” балдар бакчасына кошумча корпус куруу максаттуу жана керектүү деп табылсын.
2. Кошумча корпус куруу үчүн долбоордун жалпы суммасы 3 216710 (үч миллион эки жүз он алты миң жети жүз он) сомду түзгөндүгү белгиленсин.
3. Долбоорду ишке ашыруудагы өздүк салымы 485 000 (төрт жүз сексен беш миң) сом. Накталай акча түрүндө айыл аймагынын 2019-жылдын бюджетине киргизилип, которулуп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл аймагынын башчысы Э.Бейшебаевге жүктөлсүн.
Тѳрага | Андакулов У. |
|
|