Загрузка документа…
БОО-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 20-ноябры №11
Боо-Терек айылдык кеңешинин XXXI- чакырылышындагы XХII - сессиясы Б. Сатыбеков атындагы орто мектебинин, “Сүйүн апа” жана Молдалиев Наматбек атындагы балдар бакчаларынын жетекчилеринин кайрылуусун карап, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Боо-Терек айыл өкмөтүнүн балансында турган Б. Сатыбеков атындагы орто мектебинин, “Сүйүн апа” жана Молдалиев Наматбек атындагы балдар бакчаларынын имараттарынын айлана тегерегин жашылдандырып, көрктөндүрүү максатында керектелүүчү акча каржаттары айыл аймагынын жергиликтүү бюджетинен каржылансын.
2. Токтомдун аткарылышын камсыздоо айыл өкмөтүнүн КЭБ башчысынын убактылуу милдетин аткаруучусу Н.Чоюбековага жана ЖКХ боюнча адиси Дж. Аблаевге милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Боо-Терек айыл өкмөтүнүн башчысы Э. Бейшебаевге жүктөлсүн.
Тѳрага | Андакулов У. |
|
|