БОО-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Боо-Терек айылдык кеңешинин ХХХI чакырылышынын ХХII сессиясы
2018-жылдын 20-ноябры №14
Муниципалдык менчикте турган негизги каражаттарды эсептен чыгаруу тартиби жана муниципалдык менчикте турган транспорт каражаттарын сатуунун тартиби жөнүндө жоболорун бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиги жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 8-майындагы №258 токтому менен бекитилген Жобого ылайык, Боо-Терек айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Боо-Терек айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчикте турган негизги каражаттарды эсептен чыгаруу тартиби жөнүндө Жобосу бекитилсин (1-тиркеме).
2. Боо-Терек айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчикте турган транспорт каражаттарын сатуунун тартиби жөнүндө жобо бекитилсин (2-тиркеме)
3. Кабыл алынган токтомду көзөмөлгө алып аткаруу жагы Боо-Терек айыл өкмөтүнүн башчысы Э. Бейшебаевге жүктөлсүн.
Тѳрага | Андакулов У. |
|
|