Загрузка документа…
БОО-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 20-ноябры №16
Боо-Терек айылдык кеңешинин XXXI- чакырылышындагы XХII – сессиясы, айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Э. Бейшебаевдин Боо-Терек айыл аймагынын «Боо-Терек айыл ынтымагы» жаштар жамаатын уюштуруу жөнүндөгү» арызын жана демилгесин угуп, талкуулап, Боо-Терек айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Боо-Терек айыл аймагында «Боо-Терек айыл ынтымагы» жаштар жамаатынын түзүлүшү, максаттуу жана керектүү деп табылсын.
2. Боо-Терек айыл аймагынын «Боо-Терек айыл ынтымагы» жаштар жамаатынын курамына төмөндөгү жаштар курамы бекитилсин.
1. Эгембердиев Максат - «Боо-Терек айыл ынтымагы» жаштар жамаатынын төрагасы;
2. Жаманкулов Чынгыз – мүчөсү;
3. Тыналиев Амандык – мүчөсү;
4. Манас уулу Майрамбек – мүчөсү;
5. Мураталиев Азат - мүчөсү;
6. Алтыкеев Азат - мүчөсү;
7. Молтоев Руслан - мүчөсү;
3. Боо-Терек айыл аймагынын «Боо-Терек айыл ынтымагы» жаштар жамаатынын Талас облустук юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүү жагы айыл өкмөт башчысы Э. Бейшебаевге тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.
Тѳрага | Андакулов У. |
|
|