Загрузка документа…
БОО-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 06-декабры №1
Боо-Терек айылдык Кеңешинин ХХХI-чакырылышынын XХIII-сессиясы КР нын Финансы министрлигинен келген (средства передаваемые) 1500000 сом акча каражатын бөлүштүрүү жөнүндө Боо-терек айыл аймагынын башчысы Э.Бейшебаевдин билдирүүсүн угуп, талкуулап Боо-Терек айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. КРнын Финансы министрлигинен келген(средства передаваемые) 1500000 сом акча каражаты Боо-Терек айыл өкмөтүнүн Мамлекеттик кызмат бөлүмүнүн 3112(машиналар жана жабдуулар) статьясына айыл өкмөткө жеңил автоунаа алуу үчүн 220000(эки жүз жыйырма миң) сом; Турак жай бөлүмүнүн 3112(машиналар жана жабдуулар) статьясына Арис программасы менен айыл өкмөткө КАМАЗ автоунаасын сатып алуу үчүн өздүк салымга 930000(тогуз жуз отуз миң) сом жана трансформатор сатып алууга 150000(бир жүз элүү миң) сом; Бала бакча бөлүмүнүн 3112(машиналар жана жабдуулар) статьясына жаңы курулган бала бакчага жабдууларды сатып алуу үчүн 200000(эки жуз мин) акча болуп бекитилсин.
2. Ушул токтомдо корсөтүлгөндөй акча каражатынын планын киргизип берүү жагы КРнын Финансы министрлигинин Бакай-Ата райондук башкармалыгына сунушталсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу айылдык Кеңешке жана бюджеттик комиссиясына милдеттендирилсин.
Тѳрага | Андакулов У. |
|
|