АК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Жар айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз ХVI сессиясы
2019-жылдын 08-февралы №52
Ак-Жар айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн экономист-статист адисинин кызмат ордунун штаттык бирдигинин сметасын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 17-март 2014-жылдагы №145 жана 19-декабрь 2014-жылдагы №175 жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарына ыйгарым укуктарын өткөрүп берүүнүн тартиби жөнүндөгү токтомунун негизинде Ак-Жар айыл өкмөтү менен түзүлгөн келишимин бекитүү жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап Ак-Жар айыл аймагынын Айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын XVI кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 17-март 2014-жылдагы №145 жана 19-декабрь 2014-жылдагы №175 жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарына ыйгарым укуктарн өткөрүп берүүнүн тартиби жөнүндөгү токтомунун негизинде Ак-Жар айыл өкмөтү менен түзүлгөн келишими бекитилип берилсин
2. Бул токтомдун аткарылышын Ак-Жар айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы башкы бухгалтердин милдетин аткаруучу Т.Аттокуровко милдеттендирилсин.
Тѳрага | С.Аттокуров |