Загрузка документа…
АК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 08-февралы №53
Депутаттардын Ак-Жар айылдык Кеңешинин VII чакырылышын ХVI кезексиз сессиясында каралган Жайыт комитетинин 2018-жылга аткарган иштери боюнча маалыматы жана 2019-жылга бюджетин карап бекитүү жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап Ак-Жар айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын ХVI кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Жар айыл аймагынын айыл жайыт комитетинин 2018-жылга аткарган иштери канаттандырарлык деп белгиленсин.
2. Ак-Жар айыл аймагынын айыл жайыт комитетине тиешелүү болгон жүктөөчү автоунааны айыл өкмөтүнүн баласына өткөрүп берүү жагы милдеттендирилсин.
3. Ак-Жар айыл өкмөтүнүн баласына кириштелген жүктөөчү автоунааны баланска кириштөө жана мамлекеттик гос номер алуу боюнча иш аракеттерди көрүү жагы айыл өкмөт башчысы М.Кадыркуловко жана башкы бухгалтери Т.Аттокуровко милдеттендирилсин.
4. Ак-Жар айыл аймагынын жайыт комитетинин 2019-жылга бюджети
Киреше бөлүгү- 495000 сом
чыгаша бөлүгү -495000 сом болуп бекитилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын камсыздоо Ак-Жар айыл аймагынын жайыт комитетинин төрагасы Мокелен уулу Солтонбекке жана бухгалтери Нурбек уулу Чынгызга милдеттендирилсин.
Тѳрага | С.Аттокуров |