Загрузка документа…
АК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 08-февралы №55
Депутаттардын Ак-Жар айылдык Кеңешинин VII чакырылышын ХVI кезексиз сессиясында каралган Ак-Жар айыл аймагынын тургуну С.Аттокурованын арызын угуп жана талкуулап Ак-Жар айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын ХVI кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Жар айыл аймагынын тургуну С.Аттокуровага Ак-Сай өрөөнүндөгү «Терек-2» кыштоосундагы эски бузулган сарайдын ордуна топоз багуу үчүн сарай курууга жана мергенчилик боюнча база салууга уруксаат берилсин.
2. КР нын жер кодексине ылайык жер аянтын жеринде барып чектерин аныктап бөлүп берүү жана тиешелүү документер менен камсыз кылуу, келишим түзүү боюнча иш алып баруу Ак-Жар айыл аймагынын жайыт комитетинин төрагасы Мокелен уулу Солтонбекке жана Нурбек уулу Чынгызга милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы М.Кадыркуловко милдеттендирилсин.
4. Бул токтомду Нарын облустук юстиция башкармалыгынын реестерине киргизүү айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Табылды кызы Айжамалга милдеттендирилсин.
Тѳрага | С.Аттокуров |