Загрузка документа…
АК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 08-февралы №58
Депутаттардын Ак-Жар айылдык Кеңешинин VII чакырылышын ХVI кезексиз сессиясында каралган Ак-Жар айыл аймагынын тургуну К.Мусаевдин арызын угуп жана талкуулап Ак-Жар айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын ХVI кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Жар айыл аймагынын тургуну К.Мусаевке Ак-Жар айыл аймагына тиешелүү «Кабырга Булак» участкасындагы эски жер төлөөнүн ордунан 0,50 га жер аянты там салып мал багуу үчүн бөлүнүп берилсин.
2. КР нын жер кодексине ылайык жер аянтын жеринде барып чектерин аныктап бөлүп берүү жана тиешелүү документер менен камсыз кылуу, Ак-Жар айыл аймагынын жайыт комитетинин төрагасы Мокелен уулу Солтонбекке жана Нурбек уулу Чынгызга милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы М.Кадыркуловко милдеттендирилсин.
4. Бул токтомду Нарын облустук юстиция башкармалыгынын реестерине киргизүү айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Табылды кызы Айжамалга милдеттендирилсин.
Тѳрага | С.Аттокуров |