Загрузка документа…
КАЗЫБЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 10-августу №1
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу» №571 Токтомуна ылайык Казыбек айылындагы «Долонбий» дүкөнүнөн баштап батыштан - чыгышка карай кеткен жолдун жээгиндеги Муниципалдык ишкананын дарбазасына чейин тосуп, чакан парк уюштуруу үчүн ,Казыбек айылынын тургуну Жабагиев Иманакунга уруксат берүү максатында, айылдык Кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Казыбек айылындагы «Долонбий» дүкөнүнөн баштап батыштан-чыгышка карай Муниципалдык ишкананын дарбазасына чейин кеткен жолдун жээгиндеги бош жаткан жерди чакан парк уюштуруу үчүн айланасын тосуп «Өмүралиев Үсөналы » атындагы парк болуусу 5 жылга ижарага берүү жагы сунушталсын.
2. Чакан паркты өз деңгээлинде уюштуруп ирээтке келтирүү жагын айыл тургуну Жабагиев Иманакунга милдеттендирилсин.
3. Тиешелүү жерди бөлүп , чечип берүү жагын айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Докоевго тапшырылсын.
Тѳрага | Д. Кайыпов |
|
|