Загрузка документа…
КАЗЫБЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 10-августу №2
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу» №571 Токтомуна ылайык Казыбек айылындагы « Долонбий» дүкөнүнүн жанына контейнер коюуга жер бөлүп берүү үчүн контейнер коюуга уруксат берүү жөнүндө жазган айыл тургуну А.Шапкулованын арызын канааттандыруу максатында , айылдык Кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Казыбек айылындагы «Долонбий» дүкөнүнүн жанына контейнер коюуга тиешелүү сураган жерден 5 метр жерди 5 жылга ижарага берүү жагы сунушталсын.
2. «Долонбий» дүкөнүнүн жанына контейнер коюлгандан кийин айланасын таза кармоо, ар дайым ирээтөө жагы дүкөн ээсине тапшырылсын.
3. Тиешелүү жерди бөлүп берүү жагын айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Докоевго тапшырылсын.
Тѳрага | Д. Кайыпов |
|
|