Загрузка документа…
КАЗЫБЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 10-августу №5
КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 5-июнундагы № 315 Токтомдун 6-беренесине ылайык Казыбек айылындагы «Казыбек - Жеткинчек» балдар-бакчасынын терезелерин алмаштыруу жана башка ремонт иштерин жүргүзүү үчүн айыл өкмөтүнүн бюджетинен акча каражатын бөлүп берүү максатында, айылдык Кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Казыбек - Жеткинчек» балдар- бакчасынын эскирген жыгач терезелерин пластик терезелерге алмаштыруу жана ремонт иштерин жүргүзүү үчүн Казыбек айыл өкмөтүнүн бюджетинен 54273 (элүү төрт миң эки жүз жетимиш үч) сом бөлүнүп берилсин.
2. Акча каражатын бөлүп, керектүү жерге которуп берүү жагы айыл өкмөтүнүн бухгалтери Э.Керималиевага милдеттендирилсин.
3. Бул токтомду көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Докоевго тапшырылсын.
Тѳрага | Д. Кайыпов |
|
|