Загрузка документа…
КАЗЫБЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 10-августу №7
2018-жыл «Аймактарды өнүктүрүү» жылына карата жана Ч.Айтматовдун туулган күнүнүн 90 жылдыгына карата өтүлүүчү чыгармачылык кече, көргөзмө, бурч уюштуруу үчүн китепканага китеп алуу максатында, айылдык Кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ч.Айтматовдун жаңы чыгып жаткан 8 томдук жана 20 томдук китептерин жана башка көркөм адабияттарды алуу үчүн айыл өкмөтүнүн бюджетинен 30350 сом акча каражаты бөлүнүп берилсин жана сметасын алып келүү жагы китепканачы С.Жапаровага милдеттендирилсин.
2. Акча каражатын бөлүп, керектүү жерге которуп берүү жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Э.Керималиевага жүктөлсүн.
3. Бул токтомду көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Докоевго тапшырылсын.
Тѳрага | Д. Кайыпов |
|
|