Загрузка документа…
КАЗЫБЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 10-августу №13
Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын 2018-жылдагы №44-б буйругунун негизинде, мөөнөттүү аскердик, альтернативдик кызматына чакырылуучуларды чакыруу жана розыскта жүргөн жарандарды издөөгө авто унаа жана күйүүчү май бөлүп берүү үчүн, айыл өкмөтүнүн бюджетинен акча каражатын бөлүү максатында, айылдык Кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мөөнөттүү аскердик, альтернативдик кызматына чакырылуучуларды чакыруу жана розыскта жүргөн жарандарды издөө үчүн авто унаа жана күйүүчү май бөлүп берүү үчүн , айыл өкмөтүнүн бюджетинен 100 литр майды алуу үчүн акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Акча каражатын бөлүп, керектүү жерге которуп берүү жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Э.Керималиевага жүктөлсүн.
3. Бул токтомду көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Докоевго тапшырылсын.
Тѳрага | Д. Кайыпов |
|
|