Загрузка документа…
КАЗЫБЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 25-сентябры №4
Чет-Келтебик, Кара-Коюн суулары нугунан чыгып, Казыбек айылынын күн чыгыш жагындагы түштүк тарабындагы жардын түбүн жеп, жылдан жылга тереңдеп бара жатканы жана мунун үстүндө жайгашкан Токтобаев Келдибек атындагы көчөнүн жашоочуларынын турак-жайына коркунуч туудуруп жаткандыгына байланыштуу суунун нугун буруп дамбылоо үчүн айылдык кеңештин бюджетинен акча каражатын экономдолгон статьядан жылдырып берүү максатында, айылдык Кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чет-Келтебик, Кара-Коюн сууларынын нугун буруп дамбылоо үчүн сметалык проектисинин наркы 200 000 сом акча каражаты айыл өкмөтүнүн бюджетинен экономдолгон статьядан жылдырылып берилсин.
2. Жогоруда каралган акча каражаттарын которуп берүү жагы Казыбек айыл өкмөтүнүн башкы бухгалтери Э.Керималиевага тапшырылсын.
3. Бул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө жагын Казыбек айыл өкмөтүнүн өзгөчө кырдаалдар боюнча башкы адиси Т.Жакыповго милдеттендирилсин.
Тѳрага | Д. Кайыпов |
|
|