Загрузка документа…
КАЗЫБЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 25-сентябры №5
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу» № 571 токтомуна ылайык , Казыбек айылынын Н.Үсөналиев орто мектеби ижарага алып жүргөн жерди, айыл тургуну , жаштар уюмунун мүчөсү Үсөналиев Саламатка улак аянтын уюштуруу үчүн 5 жылга ижарага берүү максатында, айылдык Кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жогорудагы токтомдун негизинде, жаштар уюмунун мүчөсү Үсөналиев Саламатка улак аянтын уюштуруу үчүн 5 жылга ижарага берүү жагы сунушталсын.
2. Ижарага берүү үчүн келишим түзүү жагы айыл өкмөтүнүн айыл чарба боюнча башкы адиси М.Шермамбетовго таршырылсын.
3. Бул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө жагын айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Докоевго жүктөлсүн.
Тѳрага | Д. Кайыпов |
|
|