Загрузка документа…
КАЗЫБЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 05-ноябры №2
Казыбек айылдык Кеңешинин 3-шайланышынын 11-сессиясынын 12-июнь 2002-жылдагы № 2/1 Чечимин жокко чыгаруу максатында , айылдык Кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Алымбекова Турдубүбүнүн ысымын Казыбек айылынын «Манас» көчөсүнө ыйгаруу » жөнүндөгү айылдык Кеңешинин 3-шайланышынын 11-сессиясынын 12-июнь 2002-жылдагы № 2/1 Чечимин жокко чыгарылсын.
2. Шермамбетов Калдыбектин жана Жунусова Турсундун үйүнөн баштап түндүк тарапка карай Андабеков Турусбек жана Абылгазиев Максаттын үйүнө чейин , «Алымбекова Турдубүбү» атындагы көчө болуп аталсын.
3. 2021-жылга чейин эл жана турак-жай фондун каттоо жүргүзүлө тургандыгына байланыштуу көчөлөргө жаңы ат берүүгө мораторий жарыялангандыктан, айылдык Кеңештин бул токтому 2021 - жылдын 1-январынан баштап , КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 22-октябрындагы № 610 Токтомунун негизинде мораторий алынгандан кийин күчүнө кирет.
Тѳрага | Д. Кайыпов |
|
|