Редакцияот 04.04.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТАЛАС ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Талас шаардык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги ХХХI сессиясы

 

2019-жылдын 04-апрели №192/31-7

Талас шаардык мэриясынын 2018- жылга карата социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү багытында аткарган иш аракеттери жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүмүнүн 3-пункту, 44-беренесинин 8-пункту жана Талас шаардык кенешинин 2019-жылга карата иш планынын негизинде,Талас шаарынын 2018-жылга карата социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү багытында аткарылган иш аракеттери жөнүндө отчетун карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кенешинин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Талас шаардык мэриясынын (А.Джузупбеков) 2018-жылга карата социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү багытында аткарылган иш аракеттери “канааттандырарлык” деп табылсын.

2. Кабыл алынган токтомду Талас шаардык “Жаны Багыт” газетасына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүүнү көзөмөлдүккө алуу жагы Талас шаардык кенешинин жооптуу катчысына (А.Сариева) милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдүккө алуу жагы Депутаттардын Талас шаардык кенешинин жооптуу катчысына (А.Ж.Сариева) тапшырылсын.

 

Тѳрага

М.Есенкулов