Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 04-апрели №193/31-7
Депутаттардын Талас шаардык кенешинин Регламенти, Талас шаардык кенешинин 2019-жылга карата иш планы жана Депутаттардын Талас шаардык кенешинин “Өнөр жай, коммуналдык чарба, транспорт, курулуш, ишкерликти өнүктүрүү, электр жана байланыш иштери” жана “Бюджет жана муниципалдык менчикти башкаруу боюнча туруктуу комиссияларынын биргелешкен отурумунун №1 протоколдук сунушунун негизинде карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас шаардык коммуналдык кызмат көрсөтүү муниципалдык ишканасынын (Э.Аскаров) ишмердүүлүгү жана Талас шаарын көрктөндүрүү, тазалыгын камсыздоо багытында аткарылган иштери “канааттандырарлык” деп табылсын.
2. Аталган муниципалдык ишканасына (Э.Аскаров) төмөндө белгиленген иш чаралардын алкагында тиешелүү иш аракеттерди көрүү жагы милдеттендирилсин.
• Талас шаардык коммуналдык кызмат көрсөтүү муниципалдык ишканасына тиешелүү, жумушсуз абалында турган техникалары боюнча мыйзам талаптарына ылайык, күбөлүктөрүн аныктоо жана керектен чыгаруу иш аракеттерин тездетүү;
• Талас шаарында санитардык коопсуздукту алдын алуу жана жолбун иттерди атуу эрежелерин сактоо максатында “Беккери” чуңкурун тез арада ишке берүү;
• Талас шаарындагы көчөлөрдүн жана үйлөрдүн катар номерлерин тактап чыгуу жана ар бир үйгө тиешелүү номерлерди коюу боюнча муниципалдык ишканага бөлүнгөн каражаттын эсебинен иш жүзүнө ашыруу.
• Талас шаарында тигилген көчөттөрдү өз убагында сугаруу жана сактап калуу максатында сугат суу арык системаларын жасоо жана ишке берүү;
• Талас шаарында тазалыкты камсыздоо жана таштандыларды өз убагында ташып чыгаруу алкагында жалпы жарандар жана мекеме уюмдар менен түзүлгөн келишимдерди көбөйтүү;
3. Токтомду аткаруу боюнча көзөмөлдүк кылуу жагы Талас шаардык жергиликтүү өз алдынча башкаруусу-мэриясынын биринчи вице мэрине (Д.Курманалиев) милдеттендирилсин.
4. Кабыл алынган токтомду Талас шаардык “Жаны Багыт” газетасына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүүнү көзөмөлгө алуу жагы Талас шаардык кенешинин жооптуу катчысына (А.Ж.Сариева) милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Талас шаардык кенешинин “Өнөр жай, коммуналдык чарба, транспорт, курулуш, ишкерликти өнүктүрүү, электр жана байланыш иштери боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасына (Н.Момунбеков) тапшырылсын.
Тѳрага | М.Есенкулов |
|
|