ТАЛАС ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Талас шаардык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги ХХХI сессиясы
2019-жылдын 04-апрели №194/31-7
Талас шаардык “Баластан” билим берүү борборунун жалпы ишмердүүлүгү жана балдарды кесип тандоого багыттоо боюнча иш аракеттери жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүмүнүн 6-пункту, Депутаттардын Талас шаардык кенешинин Регламентинин 18-пункту жана Талас шаардык кенешинин 2019-жылга карата иш планынын негизинде, Талас шаардык кенешинин “Социалдык маселелер боюнча” туруктуу комиссиясынын №1 Протоколдук сунушунун карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас шаардык “Баластан” балдарга билим берүү борборунун жалпы ишмердүүлүгү жана балдарды кесип тандоого багыттоо боюнча иш аракеттери “канааттандырарлык” деп табылсын.
2. “Баластан” балдарга билим берүү борборунун окуу-тарбия иштеринде алдынкы көрсөткүчтөрүн белгилөө менен республикалык жана эл аралык конкурстарда Талас шаарынын намысын коргоп, байгелүү орундарды камсыздаган ийрим топторун жана жетекчилерин акчалай колдоо максатында жергиликтүү бюджеттен акча каражат бөлүү жагы сунушталсын.
3. Кабыл алынган токтомду шаардык “Жаны Багыт” газетасына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүүнү көзөмөлдөө жагы Талас шаардык кенешинин жооптуу катчысына (А.Сариева) милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Талас шаардык кенешинин “Социалдык маселелер боюнча” туруктуу комиссиясынын төрайымына (А.Рыскулбекова) тапшырылсын.
Тѳрага | М.Есенкулов |
|
|