Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Талас шаардык кеңешинин 2025-жылдын 24-ноябрындагы № 78/10-9 токтомуна ылайык

ЖОККО ЧЫГАРЫЛДЫ

ТАЛАС ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Талас шаардык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги ХХХI сессиясы

 

2019-жылдын 04-апрели №195/31-7

Талас шаарындагы “Талас” базар соода комплексин муниципалдык менчикке алуу жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүңдө” мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пункту, Талас шаардык жергиликтүү өз алдынча башкаруусу-мэриясынын 25.02.2019-жылдагы №01-5/321 сандуу каты жана Талас шаардык кенешинин “Бюджет жана муниципалдык менчикти башкаруу боюнча” туруктуу комиссиясынын №1 протоколдук сунушунун негизинде карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кенешинин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. “Талас” базар соода комплексин жана ага тиешелүү 0,47 га жер участогун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мүлк фондусунан Талас шаарынын муниципалдык менчигине кабыл алууга макулдук берилсин.

2. “Талас” базар соода комплексин жана ага тиешелүү 0,47 га жер участогун мыйзам талаптарынын чегинде, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мүлк фондусунан муниципалдык менчикке өткөрүү боюнча иш алып баруу жагы Талас шаардык жергиликтүү өз алдынча башкаруусу-мэриясына (А.Джузупбеков) милдеттендирилсин жана “Талас” базар соода комплексте иштеген кызматкерлердин айлык акысына болгон карыздарын төлөп берүү жагы каралсын.

3. Кабыл алынган токтомду “Жаны багыт” газетасына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүүнү көзөмөлгө алуу жагы Талас шаардык кенешинин жооптуу катчысына (А.Сариева) милдеттендирилсин.

4. Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы “Бюджет жана муниципалдык менчикти башкаруу иштери боюнча” туруктуу комиссиясынын төрайымына (Н.Мүсүралиева) тапшырылсын.

 

Тѳрага

М.Есенкулов