ТАЛАС ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Талас шаардык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги ХХХI сессиясы
2019-жылдын 04-апрели №197/31-7
Талас шаарынын 2019-жылга карата жергиликтүү бюджетине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-пункту, Талас шаардык мэриясынын 25.03.2019-жылдагы 01-3/461 сандуу каты жана Талас шаардык кенешинин “Бюджет жана муниципалдык менчикти башкаруу боюнча” туруктуу комиссиясынын №1 протоколдук сунушунун негизинде карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кенешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас шаарынын Э.Айылчиев атындагы №7 жана №8 орто мектептерин Бириккен Улуттар Уюмунун бүткүл дүйнөлүк “Азык-Түлүк” программасынын негизинде ысык тамакка өткөрүү максатында, Э.Айылчиев атындагы №7 орто мектебинин ашканасын капиталдык ремонттон өткөрүү үчүн 946 113 (тогуз жүз кырк алты миң жүз он үч) сом жана №8 орто мектебинин ашканасын капиталдык ремонттон өткөрүү үчүн 395 265 (үч жүз токсон беш миң эки жүз алтымыш беш) сом, жалпы 1 341 378 (бир миллион үч жүз кырк бир миң үч жүз жетимиш сегиз) сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттин чыгаша бөлүгүнүн 70981 разделиндеги Талас райондук, шаардык билим берүү бөлүмүнүн 2218 беренесинен 1300000 (бир миллион үч жүз мин) сом акча каражатын 3111 беренесине жылдырып каржылоого макулдук берилсин.
2. Талас шаардык жаштар иштери, дене тарбия жана спорт секторуна (Э.Чоноралиев) дүйнөлүк мелдештерде байгелүү орундарга ээ болгон спортчуларды чет өлкөлөргө жөнөтүү максатында жергиликтүү бюджеттин 811 разделинин 2215 беренесинен каржылоого макулдук берилсин.
3. Талас каржы башкармалыгына (Ниязалив.Ж.М) жергиликтүү бюджетке киргизилген өзгөртүүлөргө жана толуктоолорго ылайык, тез арада каржылоо жагы милдеттендирилсин.
4. Кабыл алынган токтомду Талас шаардык “Жаны Багыт” газетасына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүүнү көзөмөлгө алуу жагы Талас шаардык кенештин жооптуу катчысына (Сариева А.Ж.) милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин “Бюджет жана муниципалдык менчикти башкаруу боюнча” туруктуу комиссиясынын төрайымына (Мүсүралиева Н.С.) тапшырылсын.
Тѳрага | М.Есенкулов |
|
|