Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 04-апрели №198/31-7
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 32-беренесинин 1-2-3-5-пункттарына, Талас шаардык кеңешинин Регламентинин 5-бапынын 5.2.бөлүмүнө ылайык, ДепутаттардынТалас шаардык кенешинин КСДП фракциясынын сунушунун негизинде, Талас шаардык кеңешинин 09.02.2017-жылдагы №4/1-7 сандуу токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Курамы 7 депутаттан турган “Бюджет жана муниципалдык менчикти башкаруу боюнча” туруктуу комиссиясынын сапаттык курамына төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин.
1. Ырсалиева Ирина Калыгуловна СДПК фракциясынан
2. Назаралиев Улан Эсенбекович СДПК фракциясынан
3. Ажибаева Айнура Жакшымбековна Республика фракциясынан
4. Шабданов Аскар Адылбекович Республика фракциясынан
5. Тургунбеков Насыр Токторович Кыргызстан фракциясынан
6. Мүсүралиева Нуржан Суйуналиевна Айкөл фракциясынан
7. Жумабеков Тимур Кемелбекович Мекеним Кыргызстан фракциясынан
2. Курамы 5 депутаттан турган Талас шаардык кенешинин “Жаштар иштери, спорт жана туризм боюнча” туруктуу комиссиясынын сапаттык курамына төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. Сүйүнтбеков Айбек Өзубекович СДПК фракциясынан
2. Камчибеков Калыс Иманбаевич СДПК фракциясынан
3. Бейшенов Бактыбек Маликович Республика фракциясынан
4. Жуманов Жениш Мүзүрөтбекович Республика фракциясынан
5. Кутманов Бактыбек Курманбекович Кыргызстан фракциясынан
3. Кабыл алынган токтомду Талас шаардык “Жаны Багыт” газетасына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүүнү көзөмөлдөө жагы Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин жооптуу катчысына (А.Сариева) тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин жооптуу катчысына (А.Сариева) тапшырылсын.
Тѳрага | М.Есенкулов |
|
|