ТАЛАС ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Талас шаардык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги ХХХI сессиясы
2019-жылдын 04-апрели №199/31-7
Өнүктүрүү фондусу аркылуу алынган 2(даана) автоунааны Талас шаардык муниципалдык менчик реестрине киргизүү жана чарба жүргүзүү келишиминин негизинде Талас шаардык коммуналдык кызмат көрсөтүү муниципалдык ишканасына өткөрүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “ Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүмүнүн 5-пункту, Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамынын 9-беренесинин 3-пункту,Талас шаардык жергиликтүү өз алдынча башкаруусу - мэриясынын 4.04.2019-жылдагы № 01-4/541 чыгыш сандуу катынын негизинде, Талас облустук өнүктүрүү фондусу аркылуу алынган 2(даана) “Камаз” МД-532 жана МД-43253 үлгүсүндөгү биргелешкен тазалоочу (комбинированный) автоунааларды Талас шаарынын муниципалдык менчигине кабыл алуу жөнүндө карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас облустук өнүктүрүү фондусу аркылуу алынган 2(даана) автоунааны Талас шаардык муниципалдык менчик реестрине киргизүү жана чарба жүргүзүү келишиминин негизинде Талас шаардык коммуналдык кызмат көрсөтүү муниципалдык ишканасына өткөрүүгө макулдук берилсин.
2. Талас шаардык муниципалдык автотранспорттордун жана техникалардын реестрине тиешелүү тартипте өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча мыйзам талаптарында иш алып баруу жагы Талас шаардык муниципалдык менчик башкармалыгына (М.Долдоев) милдеттендирилсин.
4. Токтомду Талас шаардык “Жаны Багыт” газетасына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүүнү көзөмөлгө алуу жагы Талас шаардык кеңешинин жооптуу катчысына (А.Сариева) милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы Талас шаардык кенешинин “Бюджет жана муниципалдык менчикти башкаруу боюнча” туруктуу комиссиясынын төрайымына (Н.Мүсүралиева) тапшырылсын.
Тѳрага | М.Есенкулов |
|
|