Загрузка документа…
АРАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 16-февралы №161
2019-жылга дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын негизинде республикалык бюджеттен каржыланып, капиталдык ремонттон өтө турган Арал айылындагы А.Медетов атындагы маданият үйүнө капиталдык ремонт иштери аяктагандан кийин иштөөгө 4 жумушчу ордун түзүү жана ачылган жумушчу ордуларын каржылоо жөнүндөгү Арал айыл өкмөтүнүн башчысынын сунушун угуп жана талкуулап чыгып, Депутаттардын Арал айылдык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги XV -сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2019-жылга дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын негизинде республикалык бюджеттен каржыланып, капиталдык ремонттон өтө турган Арал айылындагы А.Медетов атындагы маданият үйүнө капиталдык ремонт иштери аяктагандан кийин иштөөгө 4 жумушчу орду түзүлсүн жана ачылган жумушчу орундарынын эмгек акылары жергиликтүү бюджеттен каржылансын.
2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Арал айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
Тѳрага | Н.Т.Асанов |
|
|