Загрузка документа…
МИҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 15-февралы №3
Депутаттардын Миң-Булак айылдык аймактык кеңешинин VII чакырылышынын жыйырма үчүнчү сессиясы, АРИСтин “жайыттарды жакшыртуу” долбоорунун алкагында трактор сатып алуу кошуу боюнча маселени карап чыгып, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. АРИСтин “жайыттарды жакшыртуу” долбооруна трактор сатып алуу боюнча долбоор жактырылып бекитилсин.
2. Жалпы сметалык баасынан 488 315 (төрт жүз сексен сегиз миң үч жүз он беш) сом өлчөмүндөгү өздүк салым айыл өкмөтүнүн бюджетинен бөлүнүп берилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Джаныбековго милдеттендирилсин.
Тѳрага | Т. Койчубаев |