Загрузка документа…
КӨТӨРМӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 25-декабры №18/3
Күн тартибиндеги маселени карап чыгып жана талкуулап Көтөрмө айылдык кеңешинин сессиясы төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Салык төлөмдөрүнөн жеңилдиктерден пайдалануу боюнча 344-беренесинин негизинде Көтөрмө айыл өкмөтүндөгү Ооган коогалаңынын,Чернобль кырсыгынын катышуучулары,пенсия жашындагылар жана 1,2-топтогу майыптар,мектеп жашындагы 4 же андан көп балалуулар физикалык жер салыгынан жана өз ара төлөмдөрүнөн бошотулсун.
2. Тамарка салыгы зоналык коэфициент (Кз) 1,0 эсебинде калтырылсын.
3. Көтөрмө айыл өкмөтүнүн Тамаша,Кара-Шоро айылдарынын жашоочулары физикалык жер салыктарынан 50 пайызга бошотулсун.
4. Айыл чарбасына жараксыз жер салыгынын коэфициенти (Кз) 1,2 эсебинде калтырылсын.
5. Акыр чикир чыгаруу өз ара салыгы 100 сом эсебинде калтырылсын.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Киреше бөлүмүнүн башчысы М.Султановго жүктөлсүн.
Тѳрага | Айтмат уулу Акжол |
|
|