Загрузка документа…
КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 1-декабры № 27-11/4
Каракол шаарынын борбордук скверине Омукен Сейлакуновдун ысымын ыйгаруу жөнүндө
О.Сейлакуновдун үй-бүлөсүнүн, 2016-жылдын 11-ноябрындагы, кир.№01-9/125 катын карап жана талкуулап, коомдук ишмер О.Сейлакуновдун ысымын түбөлүккө калтыруу максатында, анын Каракол шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон зор салымын, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин мыйзамдуулукту сактоо, укук тартиби, ММКлар, коомчулук менен иш алып баруу, депутаттык адеп жана депутаттык ишмердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун эске алуу менен, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин XXVII чакырылышынын XI сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каракол шаарынын борбордук скверине Омукен Сейлакуновдун ысымы ыйгарылсын.
2. Демилделүү топ:
- Каракол шаарынын борбордук скверин абаттоого, мүмкүн болушунча, көмөк көрсөтсүн;
- "Каракол шаарынын аймагында аталыштарды, өзгөртүлгөн аттарды, жаңы коюлган аталыштарды көчөлөргө ыйгарууда, жаңы аянттарды, локалдуу жана транспорттук объектерин атоо тартиби" жөнүндөгү Жобонун 10,11-беренелеринин баардык талаптарын аткарсын;
3. Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн, областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
4. Токтом ММКларда жарыялансын.
5. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин мыйзамдуулукту сактоо, укук тартиби, ММКлар, коомчулук менен иш алып баруу, депутаттык адеп жана депутаттык ишмердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына (К.Дж.Мамбетов), Каракол шаарынын биринчи вице-мэри А.Ж.Каниметовго жүктөлсүн.
Төрага | Э. Айсаракунов |