Загрузка документа…
КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 1-декабры № 27-11/5
Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин, 2016-жылдын 31-майында кабыл алган №27-5/4 "Каракол шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2015-жылда аткарылышынын жыйынтыгы боюнча, 2016-жылдын башындагы эркин калдыктын эсебинен, көз карандысыз аудиторлор жана адистердин кызмат акысына төлөө үчүн акча каражатын бөлүп берүү жөнүндөгү" токтомун жокко чыгаруу жөнүндө
Ысык-Көл областынын прокуратурасынын, 2016-жылдын 15-ноябрындагы, кир.№01-7/564 протестин карап жана талкуулап, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин мыйзамдуулукту сактоо, укук тартиби, ММКлар, коомчулук менен иш алып баруу, депутаттык адеп жана депутаттык ишмердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун эске алуу менен, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин XXVII чакырылышынын XI сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин, 2016-жылдын 31-майында кабыл алган №27-5/4 "Каракол шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2015-жылда аткарылышынын жыйынтыгы боюнча, 2016-жылдын башындагы эркин калдыктын эсебинен, көз карандысыз аудиторлор жана адистердин кызмат акысына төлөө үчүн акча каражатын бөлүп берүү жөнүндөгү" токтому жокко чыксын.
2. Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн, областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
3. Токтом ММКларда жарыялансын.
4. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин мыйзамдуулукту сактоо, укук тартиби, ММКлар, коомчулук менен иш алып баруу, депутаттык адеп жана депутаттык ишмердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына (К.Дж.Мамбетов) жана Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин төрагасынын биринчи орун басары У.Ж.Иманакуновго жүктөлсүн.
Төрага | Э. Айсаракунов |