Загрузка документа…
КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 1-декабры № 27-11/6
Каракол шаарынын МСКБнин жергиликтүү салыктар боюнча башчысынын орун басарына, бир айлык акысын төлөп берүү үчүн, акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Каракол шаарынын мэри Д.К.Арпачиевдин, 2016-жылдын 22-ноябрындагы, кир. №01-7/579 катын карап жана талкуулап, экономика, бюджет, соода, өнөр жай, инвестициялар жана ишкердүүлүктү колдоо боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун эске алуу менен, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин XXVII чакырылышынын XI сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каракол шаардык финансы бөлүмү (Г.С.Толумбекова), Каракол шаарынын мэриясына, Каракол шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2015-жылда аткарылышынын жыйынтыгы боюнча, 2016-жылдын башындагы эркин калдыктын эсебинен, Каракол шаарынын жергиликтүү салыктар бөлүмүнүн адисине бир айлык акысын төлөп берүү үчүн, 19 084 (он тогуз миң сексен төрт) сом өлчөмүндөгү акча каражатын, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин, 2016-жылдын 31-майында кабыл алган №27-5/4 "Каракол шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2015-жылда аткарылышынын жыйынтыгы боюнча, 2016-жылдын башындагы эркин калдыктын эсебинен, көз карандысыз аудиторлор жана адистердин кызмат акысына төлөө үчүн акча каражатын бөлүп берүү жөнүндөгү" токтомунун негизинде, мурда бөлүнүп берилген акча каражатынын эсебинен бөлүп берсин.
2. Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн, областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
3. Токтом ММКларда жарыялансын.
4. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү, экономика, бюджет, соода, өнөр жай, инвестициялар жана ишкердүүлүктү колдоо боюнча туруктуу комиссиясына (Н.А.Баратова) жана Каракол шаарынын биринчи вице-мэри А.Ж.Каниметовго жүктөлсүн.
Төрага | Э. Айсаракунов |