Загрузка документа…
КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 1-декабры № 27-11/7
Шаардын Түп, Жети-Өгүз райондору тарабынан кире бериштерине жана Пржевальский, Абдрахманов атн. көчөлөрдүн кесилишине орнотулуучу, архитектуралык объекттердин долбоорлоруна конкурс жарыялоого жана аны өткөрүүгө акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин төрагасы Э.Айсаракуновдун, 2016-жылдын 28-октябрындагы, кир.№01-8/409 катын карап жана талкуулап, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин жерди пайдалануу, архитектура, курулуш жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун эске алуу менен, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин XXVII чакырылышынын XI сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каракол шаардык финансы бөлүмү (Г.С.Толумбекова), Каракол шаарынын мэриясына, 100 000 (жүз миң) сом өлчөмүндөгү акча каражатын, 2016-жылдын 31-майындагы №27-5/4 "Каракол шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2015-жылда аткарылышынын жыйынтыгы боюнча, 2016-жылдын башындагы эркин калдыктын эсебинен, көз карандысыз аудиторлор жана адистердин кызмат акысына төлөө үчүн акча каражатын бөлүп берүү жөнүндөгү" токтомдун негизинде бөлүнгөн акча каражатынын эсебинен, Түп, Жети-Өгүз райондору тарабынан кире бериштерине жана Пржевальский, Абдрахманов атн.көчөлөрдүн кесилишине орнотулуучу, архитектуралык объекттердин долбоорлоруна конкурс жарыялоого жана өткөрүүгө акча каражатын бөлүп берсин.
2. Каракол шаарынын мэриясы, Түп, Жети-Өгүз райондору тарабынан кире бериштерине жана Пржевальский, Абдрахманов атн.көчөлөрдүн кесилишине орнотулуучу, архитектуралык объекттердин долбоорлоруна конкурс жарыяласын.
3. Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн, областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
4. Токтом ММКларда жарыялансын.
5. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү, экономика, бюджет, соода, өнөр жай, инвестициялар жана ишкердүүлүктү колдоо боюнча туруктуу комиссиясына (Н.А.Баратова) жана Каракол шаарынын биринчи вице-мэри А.Ж.Каниметовго жүктөлсүн.
Төрага | Э. Айсаракунов |