Загрузка документа…
КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 1-декабры № 27-11/9
Каракол шаарынын мэриясына сатып алынган канцелярдык товарлардын акысын төлөө үчүн акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Каракол шаарынын мэри Д.К.Арпачиевдин, 2016-жылдын 18-ноябрындагы, кир.№01-7/573 катын карап жана талкуулап, экономика, бюджет, соода, өнөр жай, инвестициялар жана ишкердүүлүктү колдоо боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун эске алуу менен, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин XXVII чакырылышынын XI сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каракол шаардык финансы бөлүмү (Г.С.Толумбекова), Каракол шаарынын мэриясына, Каракол шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2015-жылда аткарылышынын жыйынтыгы боюнча, 2016-жылдын башындагы эркин калдыктын эсебинен, Каракол шаарынын мэриясына, сатып алынган канцелярдык товарлардын акысын төлөө үчүн, 39 940 (отуз тогуз миң тогуз жүз кырк) сом өлчөмүндөгү акча каражатын, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин, 2016-жылдын 31-майында кабыл алган №27-5/4 "Каракол шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2015-жылда аткарылышынын жыйынтыгы боюнча, 2016-жылдын башындагы эркин калдыктын эсебинен, көз карандысыз аудиторлор жана адистердин кызмат акысына төлөө үчүн акча каражатын бөлүп берүү жөнүндөгү" токтомунун негизинде мурда бөлүнгөн акча каражатынын эсебинен бөлүп берсин.
2. Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн, областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
3. Токтом ММКларда жарыялансын.
4. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү, экономика, бюджет, соода, өнөр жай, инвестициялар жана ишкердүүлүктү колдоо боюнча туруктуу комиссиясына (Н.А.Баратова) жана Каракол шаарынын биринчи вице-мэри А.Ж.Каниметовго жүктөлсүн.
Төрага | Э. Айсаракунов |