Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жалал-Абад шаардык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз 36- сессиясы
2016-жылдын 15-августу № 1
Жалал-Абад шаардык кеӊешинин 05.03.2016-ж. кезектеги XXXII сессиясынын № 4- токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
«Кыргыз Республикасынын бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансы-экономикалык негиздери жөнүндөгү», Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызмат жөнүндөгү» мыйзамдарынын жана Жалал-Абад шаардык кеңештин бюджет, экономика, каржы жана салыктар боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун негиз кылып, депутаттардын сунуш-пикирлерин эске алуу менен шаардык кенешинин кезексиз XXXVI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шаардык билим берүү бөлүмүнүн 2016-жылдын сметасында №21-мектебине ашкана курууга каралган 800,0 миӊ сом акча каражатынын эсебинен материалдык жактан колдоо көрсөтүү жана 6 айдын жыйынтыгы менен алгылыктуу иш кылган кызматкерлерди эске алып, бир жолку сыйлоо үчүн шаардык мэрияга 621,0 миӊ сом, шаардык кеӊешке 129,0 миӊ сом жалпысы 750,0 миӊ сом акча каражатын жылдырып, каржылап берүү жагы шаардык финансы бөлүмүнө милдеттендирилсин.
2. №21-мектепке ашкана курууга каралган 800,0 миӊ сом акча каражатынын эсебинен Грек-рим күрөшү жана сумо күрөшү боюнча Азия чемпионатында коло медалына ээ болгон спортчуларды сыйлоого 25,0 миӊ сомдон жалпысы 50,0 миӊ сом акча каражатын бөлүп берүү жагы Жалал-Абад шаардык дене-тарбия жана спорт бөлүмүнүн башчысына (А.Бакиров) милдеттендирилсин.
3. Шаардагы бюджеттик мекемелердин үнөмдөлгөн каражаттын эсебинен социалдык фондко отчет тапшыруу максатында электрондук отчеттук системага өтүү үчүн 156,0 миӊ сом жылдырып, каржылап берүү жагы шаардык финансы бөлүмүнө милдеттендирилсин.
4. Коммуналдык чарба жана көрктөндүрүү департаменинин 2016-жылга атайын эсебине түшкөн акча каражатынын эсебинен электр эсептегичтерин текшерүүдөн өткөрүүө 15,0 миӊ сом жана мекемедеги желекти алмаштырууга 5,0 миӊ сом акча каражатын иштетүүгө уруксат берилсин.
5. Жалал-Абад шаардык жолдор башкармалыгынын сметасында каралган 1500 литр күйүүчү майды шаардын жолдорунун курулушун үзгүлтүккө учуратпоо максатында Жашылдандыруу чарбасынын суу ташуучу автоунаасын пайдалангандыгы үчүн иштетүүгө уруксат берилсин.
6. Ушул токтомду масаалык маалымат каражаттарында жарыялап, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Б.Беркбаева) милдеттендирилсин.
7. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык кеңешинин бюджет, экономика, каржы жана салыктар боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
8. Токтом Жалал-Абад шаарынын www.jacity.kg расмий сайтында жарыялангандан тартып күчүнө кирет.
Төраганын орун басары | К. Айтакалов |