Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жалал-Абад шаардык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз 36 -сессиясы
2016-жылдын 15-августу № 4
Жалал-Абад шаарындагы орто мектептерге ысым ыйгаруу жөнүндө
“Жалал-Абад шаардык кеңешинин географиялык объектилерге аталыштарды жана ысымдарды берүү, өзгөртүү жөнүндө” Жобосунун негизинде, социалдык, укуктук маселелер, мыйзамдуулук, партиялар, депутаттык этика, депутаттык ишмердүүлүк, коомдук уюмдар, жана кыймылдар боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусуна ылайык, Жалал-Абад шаардык кеңешинин кезексиз XХXVI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шаарындагы №6-орто мектебине Дооронов Чырмаш Сапаровичтин ысымы ыйгарылсын.
2. Жалал-Абад шаарындагы №19-орто мектебине Иманалы Сатыбаевдин ысымы ыйгарылсын.
3. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Билим берүү министрлигине макулдашууга жөнөтүү жагы Жалал-Абад шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысына (Ы.Калчаев) милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомду массалык маалымат каражаттарында жарыялап, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Б.Беркбаева) милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин социалдык, укуктук маселелер, мыйзамдуулук, партиялар, депутаттык этика, депутаттык ишмердүүлүк, коомдук уюмдар, жана кыймылдар боюнча туруктуу комиссиясына (Э.Сатарова) жүктөлсүн.
6. Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jacity.kg расмий сайтында жарыялангандан тартып күчүнө кирет.
Төраганын орун басары | К. Айтакалов |