Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жалал-Абад шаардык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз 36 -сессиясы
2016-жылдын 15-августу № 5
Жалал-Абад шаарындагы жаңы көчөлөрүнө ысым ыйгаруу жөнүндө
“Жалал-Абад шаардык кеңешинин географиялык объектилерге аталыштарды жана ысымдарды берүү, өзгөртүү жөнүндө” Жобосуна таянып жана социалдык, укуктук маселелер, мыйзамдуулук, партиялар, депутаттык этика, депутаттык ишмердүүлүк, коомдук уюмдар, жана кыймылдар боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусуна ылайык, Жалал-Абад шаардык кеңешинин кезексиз XХXVI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шаарындагы Достук кичи шаарчасындагы 3-кичи кɵчɵсүнɵ Жумуков Дүйшебайдын ысымы ыйгарылсын.
2. Жалал-Абад шаарындагы Т.Тайгараев атындагы Качкынчы айылынын жаӊы долборлоо көчөсүнө Жумаев Аданбектин ысымы ыйгарылсын.
3. Жалал-Абад шаарындагы Т.Тайгараев атындагы Качкынчы айылынын жаӊы долборлоо көчөсүнө Кокулов Мурзалинин ысымы ыйгарылсын.
4. Жалал-Абад шаарынын Садовая кɵчɵсүнүн аталышы Джалалов Мухитдиндин ысымы өзгөртүлсүн.
5. Ч.Айтматов атындагы АБнын жаӊы көчөлөрүнүн бирине Маматкулов Махамаджандын ысымы ыйгарылсын.
6. Жаңы көчөгө аншлагдарды даярдоо жана илүү жагы коммуналдык чарба департаментине (А.Нуркулов) милдеттендирилсин.
7. Жалал-Абад шаарынын шаар куруу жана архитектура бөлүмүнө көчөлөрдү тактап, коммуналдык чарба департаментине берүү жагы милдеттендирилсин.
8. Ушул токтомду массалык маалымат каражаттарында жарыялап, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Б.Беркбаева) милдеттендирилсин.
9. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин социалдык, укуктук маселелер, мыйзамдуулук, партиялар, депутаттык этика, депутаттык ишмердүүлүк, коомдук уюмдар, жана кыймылдар боюнча туруктуу комиссиясына (Э.Сатарова) жүктөлсүн.
10. Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jacity.kg расмий сайтында жарыялангандан тартып күчүнө кирет.
Төраганын орун басары | К. Айтакалов |