Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жалал-Абад шаардык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз 36 -сессиясы
2016-жылдын 15-августу № 6
Жалал-Абад шаарынын Аюб Тоо кыркаларындагы мисте токою жөнүндө
Жалал-Абад шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык менчикти башкаруу комитетинин 15.07.2016-жылдагы №01-4/1107-сандуу катын жана 01.08.2016-жылдагы №01-4/1196-сандуу катын шаардык кеӊештин курулуш, транспорт, коммуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясы карап чыгып, туруктуу комиссиянын корутундусунун негизинде, депутаттардын Жалал-Абад шаардык кеӊешинин кезексиз XХXVI-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шаардык кеӊешинин 20.09.2005-жылдагы X-сессиясынын №4-токтомунун 3-тиркемесинин 6.8-пункту жана Жалал-Абад шаардык кеӊешинин 07.03.2012-жылдагы XXVIII-сессиясынын №8-токтому жокко чыгарылсын.
2. Муниципалдык менчикти башкаруу комитетинин башчысына (Б.Джусупбеков) Аюб Тоо кыркасындагы 214 га мисте талаасын мыйзам чегинде Жашылдандыруу чарбасына чарба жүргүзүү укугу менен өткөрүп берүүгө уруксат берилсин жана мисте талаасын ижарага берип иштетүү жагы милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомду массалык маалымат каражаттарында жарыялап, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Б.Беркбаева) милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин курулуш, транспорт, коммуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
5. Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jacity.kg расмий сайтында жарыялангандан тартып күчүнө кирет.
Төраганын орун басары | К. Айтакалов |