Загрузка документа…
КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 18-августу № 27-9/1
Каракол шаарынын мэринин ММБДне муниципалдык жерлерди каттоого жана мамлекеттик актыларды алууга, жер тилкелерин ижарага берүү үчүн Каракол шаарынын архитектурасынын жана мамкаттоонун корутундуларын алуу үчүн акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Каракол шаарынын мэри Д.Арпачиевдин 2015-2016 ж.ж.жылытуу сезонунда, Каракол шаарынын мектептерин, бала-бакчаларын жылытуудан үнөмдөлгөн акча каражаттарды, муниципалдык жерлерди каттоого жана мамлекеттик актыларды алууга, жер тилкелерин ижарага берүү үчүн Каракол шаарынын архитектурасынын жана мамкаттоонун корутундуларын алуу үчүн, акча каражатын бөлүп берүү жөнүндөгү маалыматын угуп жана талкуулап, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин унаа, жолдор, турак жай, муниципалдык, коммуналдык чарба жана энергетика боюнча, экономика, бюджет, соода, өнөр жай, инвестициялар жана ишкердүүлүктү колдоо боюнча туруктуу комиссияларынын биргелешкен отурумунун корутундусун эске алуу менен, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин XXVII чакырылышынын IX сессиясы:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каракол шаарынын финансы бөлүмү (Г.С.Толумбекова) 2015-2016 ж.ж. жылытуу сезонунда, Каракол шаарынын мектептерин, бала-бакчаларын жылытуудан үнөмдөлгөн акча каражаттардын эсебинен Каракол шаарынын мэриясынын ММБДсине төмөнкү максаттарга акча каражаттарды бөлүп берсин:
- 400 000 (төрт жүз миң) сом муниципалдык жерлерди каттоого жана мамлекеттик актыларды алууга;
- 200 000 (эки жүз миң) сом муниципалдык жерлерди ижарага берүү үчүн, шаардык архитектуранын жана мамкаттоонун корутундуларын алуу үчүн;
2. Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
3. Токтом ММКларда жарыялансын.
4. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин экономика, бюджет, соода, өнөр жай, инвестициялар, ишкердүүлүктү колдоо боюнча (Г.Р.Хурова), унаа, жолдор, турак жай, муниципалдык, коммуналдык чарба жана энергетика боюнча (К.А.Ишембиев) туруктуу комиссиясларына жана Каракол шаарынын биринчи вице-мэри А.Ж.Каниметовго жүктөлсүн.
Төрага | Э. Айсаракунов |