Загрузка документа…
КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 1-декабры № 27-11/24
Каракол шаарынын балдар жана өспүрүмдөр спорт мектебинин бюджеттик ассигнованиелерин жылдыруу жөнүндө
Каракол шаарынын балдар жана өспүрүмдөр спорт мектебинин директору Т.Ш.Абдырахмановдун, 2016-жылдын 29-ноябрындагы, кир.№01-7/600, катын карап жана талкуулап, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, социалдык жана дин маселелери, экономика, бюджет, соода, өнөр жай, инвестициялар жана ишкердүүлүктү колдоо боюнча туруктуу комиссияларынын корутундусун эске алуу менен, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин XXVII чакырылышынын XI сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каракол шаардык финансы бөлүмү (Г.С.Толумбекова), 37000 (отуз жети миң) сом өлчөмүндөгү бюджеттик ассигнованиелерди, 2222-беренеден (буюмдарды сатып алуу), 3112-беренесине (машинелер жана жабдуулар) жылдырсын.
2. Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
3. Токтом ММКларда жарыялансын.
4. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин экономика, бюджет, соода, өнөр жай, инвестициялар жана ишкердүүлүктү колдоо боюнча туруктуу комиссиясына (Н.А.Баратова) жана Каракол шаарынын биринчи вице-мэри А.Ж.Каниметовго жүктөлсүн.
Төрага | Э. Айсаракунов |