Загрузка документа…
КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 8-ноябры № 41
Баткен районунун “Ардактуу атуулу” наамына сунуштоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын коомчулукту өнуктүрүү жана инвестициялоо агенствосунун Баткен районунун коомчулукту колдоо жана өнүктүрүү боюнча эксперти Шайдуллаев Соорбек Жолдошовичтин Баткен районунун социалдык-инфраструктурасын өнүктүрүүгө кошкон зор салымын эске алып, депутат К.Камиловдун сунушун карап чыгып жана талкуулап Кара-Бак айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезексиз XXXX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Баткен районунун социалдык-инфраструктурасын өнүктүрүүгө кошкон зор салымын эске алып Шайдуллаев Соорбек Жолдошовичти Баткен районунун “Ардактуу атуулу” наамына сунушталсын.
2. Сунушту даярдап жөнөтүү жагы Кара-Бак айылдык кенешинин мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы К.Камиловго жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары М.Надировага милдеттендирилсин.
Төрага | А. Каламбеков |