Загрузка документа…
КУЙРУЧУК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 4-марты № 2
Куйручук айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2015-жылдын бюджетинен үнөмдөлгөн 530 828 сом 28 тыйын каражатты чыгымдоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу” жана “Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансы экономикалык негиздери жөнүндө” мыйзамдарына ылайык Куйручук айыл өкмөтүнүн 2015-жылдын бюджетинен каралып, үнөмдөлгөн каражатты 2016-жылга чыгымдоосун Куйручук айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын жана коомчулуктун ой-пикирин, сунушун Куйручук айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Абылабековдун жана финансы экономикалык бөлүмүнүн башчысынын маалыматын, билдирүүлөрүн угуп жана талкуулап Куйручук айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 41 кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Куйручук айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2016-жылга карата үнөмдөлгөн 530 828 сом 28 тыйын төмөндөгүдөй тартипте бөлүштүрүлсүн.
- Жумгал райондук “Кыргызтелеком” ААК тарабынан келишимдин негизинде төлөнбөй калган карагайлар үчүн 19 610 (он тогуз миң алты жүз он) сом бөлүнүп берилсин.
-2015-жылы Куйручук айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигиндеги кеңсесин капиталдык ремонттон өткөрүү үчүн келишимдин негизинде сметасын түзгөн сметчикке 20 000 (жыйырма миң) сом бөлүнсүн.
-Ынтымак жаштар уюмунун “Субанбек Ата” спорт мектебинин имаратынын техникалык паспортун алуу үчүн 15 000 (он беш миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
-Куйручук айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн кеңсесине өрт коопсуздугуна каршы тактасын сатып алуу үчүн 15 000 (он беш миң) сом бөлүнүп берилсин.
“Аблас Сулайманов” атындагы орто мектебине өрт коопсуздугуна каршы тактасын сатып алуу үчүн 15 000 (он беш миң) сом бөлүнүп берилсин.
-“Ак Жолтой – Апа” бакчасына өрт коопсуздугуна каршы тактасын сатып алуу үчүн 15 000 (он беш миң) сом бөлүнүп берилсин.
-Куйручук айылынын “Ниязалы уулу Субанбек” атындагы китепканага өрт коопсуздугуна каршы тактасын сатып алуу үчүн 15 000 (он беш миң) сом бөлүнүп берилсин.
-Куйручук айыл аймагынын инфраструктурасын жакшыртуу максатында ген.пландын негизинде көчөлөрдү ачуу үчүн 50 000 (элүү миң) сом каражаты болүнсүн.
-Куйручук айыл аймагынын калкын таза суу менен толук камсыз кылуу максатында. “Көкүмбай Булак” ИСКАКБсинин резевуарын кошумча суу менен толтуруу үчүн насос сатып алуу жана орнотуу үчүн 100 000 (жүз миң) сом бөлүнүп которулсун.
-Аблас Сулайманов атындагы орто мектебинин олимпиадага барып катышкан окуучулардын жол киресине 5 000 ( беш ) миң сом бөлүнсүн.
-Куйручук айылынын “Үй бүлөөлүк дарыгерлер тобунун” имаратына инвалиддердин коляскасы кирүү үчүн тепкичке пандус орнотууга 6 218,28 (алты миң эки жүз он сегиз) сом 28 тыйын акча карадаты бөлүнүп берилсин.
-Ак-Жолтой Апа “ бала бакчасына балдар утоочу кровать жана кир жуучу автомат машинасын сатып алууга 554 000 (элүү беш миң) сом бөлүнүп берилсин.
- Куйручук айыл аймагынын айыл өкмөтү жана жайыт комитети менен биргеликте келишимдин негизинде “АРИС” долбоору аркылуу техника сатып алуу үчүн өздүк каражаттын салымына 200 000 (эки жүз) сом акча каражаты которулуп берилсин.
2. Жогоруда каралган каражаттарды багыттарга жараша жумшоо жагы Куйручук айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысына милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жана айрым жетишпей калган акча каражаттарын табуу жагы Куйручук айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Абылабековго жүктөлсүн.
Төрага | З. Баисов |