Загрузка документа…
ДАРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 14-сентябры № 30
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө” Мыйзамын аткаруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө” Мыйзамын аткаруужана Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин 2016-жылдын 22-июлундагы №01-37/63 сандуу катын аткаруу жөнүндөгү билдирүүнү угуп, талкуулап Эл депутаттарынын Дара айылдык Кеңешинин V чакырылышынын кезектеги LXIV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө” Мыйзамына ылайык, Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына нотариат жана граждандык абалдын актыларын каттоо боюнча айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарын өткөрүп берүү жөнүндөгү Типтүү Келишимдери бекитилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин административдик укуктук маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы А.Мисиралиевге милдеттендирилсин.
Төрага | А. Мажилимов |