Загрузка документа…
ДАРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 11-ноябры № 44
Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2016-жылдын 3- кварталынын аткарылышы жана 1-2-3-кварталынын Жер казынасын пайдалануу укугуна линцензияны иштетүүчү компаниялардан 2272300 (эки миллион эки жүз жетимиш эки миң үч жүз) сом кошумча түшкөн акча каражатын бөлүштүрүү жана иштетилбей калган кээ бир статьяларындагы акча каражаттарын башка статьяларга которуу жөнүндө
Дара айыл аймагынын айыл өкмүтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2016-жылдын 3- кварталынын аткарылышы жана 1-2-3 кварталдарында Жер казнасын пайдалануу укугуна линцензияны иштетүүчү компаниялардан ОсОО ГОРНАЯ ИНВЕСТ КОМПАНИЯ “Кайди”, ОсОО “САНАИМ”, ОсОО Сан Цин Чуан, ОсОО “Баткен Тоо Кен”, ОсОО Дөгмөн Кен, Ф-л АК ОсОО “MERIT MORE INVESTMEBT LIMTED”, ФК “SPARKLER MINING INK”, ФК “SPARKLER MINING INC”, ОсОО “МЕРИТ МОР ИНВЕСТМЕНТС ЛИМИТЕД” келип түшкөн 2 272 300 (эки миллион эки жүз жетимиш эки миң үч жүз) сом кошумча түшкөн акча каражатын бөлүштүрүү жана 2016-жылдын 3- кварталында иштетилбей калган кээ бир статьяларындагы акча каражаттарын башка статьяларга которуу жана жергиликтүү бюджеттин III-кварталынын аткарылышы жөнүндө ФЭБнун башчысы М.Зайналовдун маалыматын угуп жана талкуулап, Эл депутаттарынын Дара айылдык Кеңешинин кезектеги LXV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2016-жылдын 3- кварталындагы аткарылышы канаттандыраарлык деп белгиленсин.
2. Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетине 14151200 Жер казнасын пайдалануу укугуна линцензия кармоо үчүн акы төлөө кереше булагынан түшкөн кошумча 2 272 300 (эки миллион эки жүз жетимиш эки миң үч жүз) сом акча каражаты кереше бөлүгүнө кириштелсин.
- Аппарат бөлүмүнө 70111.
- Аппарат 1-разделге 3111 статьясына 448,0 миң сом которулсун.
- Клубттар бөлүмүнө 70823.
- Клуб 8-разделге 3111 стстьясына 1496,3 миң сом которулсун.
- Билим берүү бөлүмүнө 709
- Орто мектеп 9-разделге 3111 статьясына 328,0 миң сом которулсун.
- Аппарат 70111.
- Аппарат бөлүмүнүн 2222 статьясындагы 61,0 миң сом акча каражаты аппараттын 2224 статьясына которулун.
3. Токтомдун аткарылышын аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет жана экономика маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн ФЭБбашчысы М.Зайналовго милдеттендирилсин.
Төрага | А. Мажилимов |