Загрузка документа…
ДАРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 11-ноябры № 45
Баткен облустук экономикалык жана административдик иштер боюнча райондор аралык сотунун чечимин аткаруу жөнүндө
Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн аймагындагы “Дара суусу” ИСКАКБсы төлөй албай калган 138,430 сомду Дара айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен төлөнүп берилсин деген Баткен райондук сотунун токтомун аткаруу жөнүндөгү билдирүүнү угуп жана талкуулап Эл депутаттарынын Дара айылдык Кеңешинин V чакырылышынын кезектеги LXV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Дара суусу” ИСКАКБсынын төлөй албай калган 138,430 (бир жүз отуз сегиз миң төрт жүз отуз) сому Дара айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен төлөнүп берилсин.
2. “Дара суусу” ИСКАКБсынын төлөй албай калган 138,430 сомун төлөп берүү жагы ФЭБ башчысы М.Зайналовго жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин административдик укуктук маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары А.Камаловго милдеттендирилсин.
Төрага | А. Мажилимов |