Загрузка документа…
ДАРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 11-ноябры № 46
Айыл өкмөтүнүн аймагындагы айылдардын айыл башчыларынын жана соц. адисинин н тогуз ай ичинде аткарган иштери жөнүндө
Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн аймагындагы Чек, Жаны-Жер, Кан, Жанырык, Кайыңды айылдарынын айыл башчыларынын жана социалдык бөлүмүнүн тогуз ай ичинде аткарган иштери жөнүндө даярдалган билдирүүлөрдү угуп жана талкуулап Эл депутаттарынын Дара айылдык Кеңешинин V чакырылышынын кезектеги LXV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн аймагындагы Чек айылынын айыл башчысы С.Садирбекованын, Жаңы-Жер айылынын айыл башчысы М.Момбековдун, Кан айылынын айыл башчысы М.Шадыбековдун, Жанырык айылынын айыл башчысы Д.Ормошовдун, Кайынды айылынын айыл башчысы Р.Рысовдун жана айыл өкмөтүнүн соц. адиси М.Самидинованын тогуз ай ичинде аткарган иштери канаттандыраарлык деп белгиленсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары А.Камаловго милдеттендирилсин.
Төрага | А. Мажилимов |