Загрузка документа…
ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 30-марты № 23/7
Өзгөн шаар мэриясынын 2016-жылдын 19-февралындагы Өзгөн шаарынын кошуев көчөсүндөгү мурда «Өзгөн-Тазалык» муниципалдык ишканасы ээлеп турган жер тилкесинде муниципалдык базар ачуу жөнүндөгү №125 каты
Өзгөн шаардык кеңешинин (V чакырылышынын) кезектеги ХХIII сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген маселени угуп жана талкуулап,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өзгөн шаарынын борбордук көчөлөрүндө, тротуарларда стихиялуу түрдө пайда болгон соода орундарын жоюу, автотыгындарды азайтуу жана бюджетинин киреше бөлүгүн көбөйтүү максатында Өзгөн шаарынын Кошуев көчөсүндөгү мурда «Өзгөн-Тазалык» муниципалдык ишканасы ээлеп турган жер тилкесинде муниципалдык базар ачууга макулдук берилсин.
2. Муниципалдык базардын тиешелүү документтерин мыйзамга ылайык даярдоо Өзгөн шаар мэриясына, Өзгөн шаар мэриясынын алдындагы МММБ департаментине, Өзгөн архитектура жана шаар куруу башкармалыгына милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы «Муниципалдык менчик, акы төлөп кызмат көрсөтүү сферасы жана экономика боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын
Төрага | А. Насиров |