Загрузка документа…
ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 4-июну № 24/6
Өзгөн шаарынын Кошуев көчөсүндө жайгашкан муниципалдык базардын аймагына балдар аянтчасын курууга макулдук берүү жөнүндө
Өзгөн шаардык кеңешинин (V чакырылышынын) кезектеги XXIV сессиясынын отуруму шаардык кеңештин «Муниципалдык менчик, акы төлөп кызмат көрсөтүү сферасы жана экономика саясаты боюнча» туруктуу комиссиясынын маалыматын угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өзгөн шаарынын Кошуев көчөсүндө жайгашкан муниципалдык базардын батыш тарабынан Рахматуллаев (эски Суворов) көчөсү менен чектешкен аймагына балдар аянтчасын курууга макулдук берилсин.
2. Мыйзамга ылайык тийиштүү документтерди даярдоо жагы Өзгөн шаар мэриясынын алдындагы МММБ департаментинин директорунун милдетин аткаруучу М. Макешовко жана Өзгөн шаарынын шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын башчысы Э.Нишанбаевке милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык кеңештин «Муниципалдык менчик, акы төлөп кызмат көрсөтүү сферасы жана экономика саясаты боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Насиров |