Загрузка документа…
ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 4-июну № 24/7
Өзгөн шаар мэриясынын 2016-жылдын 3-июнундагы №420 катынын негизинде Өзгөн шаардык кеңешинин 2013-жылдын 29-августунда өткөн кезексиз VII сессиясынын №7/2 сандуу токтомуна толуктоо киргизүү жөнүндө
Өзгөн шаардык кеңешинин (V чакырылышынын) кезектеги XXIV сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген маселени угуп жана талкуулап,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өзгөн шаардык кеңешинин 2013-жылдын 29-августунда өткөн кезексиз VII сессиясынын №7/2 сандуу токтомунун 2 пунктуна «Өзгөн шаарынын аймагында социалдык обьекттерди жана көп кабаттуу турак жай үйлөрдү куруу үчүн ажыратылган жалпы аянты 9,0 га жер тилкеси шаардын батыш тарабында жайгашып, түндүк тарабынан Волков көчөсү, түштүк тарабынан Ленин, чыгыш тарабынан Орозбеков жана батыш тарабынан /ч-Дөбө көчөлөрү менен чектешет» деп толуктоо киргизилсин жана 2 пунктта жазылган текст 3 пункт менен белгиленсин.
Төрага | А. Насиров |