Загрузка документа…
ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 4-июну № 24/8
Өзгөн шаар мэриясынын 2016-жылдын 3-июнундагы №420 катынын негизинде титулдук тизмеге өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Өзгөн шаардык кеңешинин (V чакырылышынын) кезектеги XXIV сессиясынын отуруму сунушталган маселе боюнча угуп жана талкуулап,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өзгөн шаардык бюджетинин 2016-жылдын 1-январына карата калган эркин калдыктын эсебинен «Орто коргон стадионунда спорт имаратын куруу»га каралган 619,0 миң сом акча каражатын, 2016-жылда аткарыла турган иштердин титулдук тизмесиндеги «Шаар көчөлөрүндөгү тротуарларды оңдоп-түздөө иштерине» иштетүүгө макулдук берилсин.
2. «Орто коргон стадионунда спорт имаратын куруу» иштерин Өзгөн шаарынын бюджетинин мүмкүнчүлүгүнө карап, киреше бөлүгүнүн 2016-жылдын 6 айынын аткарылышынын жыйынтыгы менен титулдук тизмеге киргизүүгө макулдук берилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык кеңештин «Муниципалдык менчик, акы төлөп кызмат көрсөтүү сферасы жана экономика саясаты боюнча» жана «Бюджет, салык жана инвестиция тартуу боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Насиров |