Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 14-апрели № 01-05/216
Кочкор-Ата шаарынын мэри К.М.Эгембердиевдин 2015-жылда аткарган иштери боюнча отчёту жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVI чакырылышынын кезексиз XXXIV сессиясы, Кочкор-Ата шаарынын мэри К.М.Эгембердиевдин шаардагы иштердин жалпы абалы, бюджеттин аткарылышы, шаарды социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү жана калкты социалдык жактан коргоо программаларынын аткарылышы жөнүндө 2015-жылда аткарган иштери боюнча отчётун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 31-беренесине жана 44-беренесине ылайык
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкор-Ата шаарынын мэри Эгембердиев Кубанычбек Мырзамамытовичтин 2015-жылда аткарган иштери боюнча берген отчёту «канааттандырарлык» деп табылсын.
2. Бул токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү шаардык Кеңештин «Бюджет, каржы, экономика, салык жана инвестиция тартуу маселелери боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Нусупбеков |