Загрузка документа…
ЧОЛПОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 7-июну № 24/4
“Чоң-Туз” дарылоо-өндүрүштүк фирмасынын негизги каражаттарын 07.08.2015-ж “Өткөрүп алуу актысынын” негизинде актыда көрсотүлгөн материалдардык баалуулуктарды айыл өкмөттүн балансасына кабыл алуу жөнүндө
Айыл өкмөттүн жооптуу катчысы К.Байтелиев Ысык- Көл областынын райондор аралык сотунун 03.12.2013-жылдагы чечиминин негизинде Райондук мамлекеттик администрациясынын 03.03.2013-жылдагы “Өткөрүү комиссиясын түзүү” жөнүндөгү №36-Б буйругу менен бекитилген комиссия мүчөлөрүнүн катышуусунда 07.08.2015-жылы айыл өкмөттүн карамагына өткөрүлүп алынган материалдык баалуулуктар жөнүндө билдирүүсүн угуп жана талкуулап Депутаттардын Чолпон айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 07.08.2013-жылдагы “Өткөрүп алуу актыда” көрсөтүлгөн материалдык баалуулуктар айыл өкмөттүн балансасына киргизилип, каттоого алынсын.
2. Каттоого алынган материалдык баалуулуктардын наркын аныктоо менен бухгалтериалык (каттоо) жүргүзүү жагы материалдык бухгалтер Ж.Узбековага милдеттендирилсин.
Төрага | Б. Жапаров |